Мазмунга өтүү

Герц принциби

Википедия — ачык энциклопедия

Герц принциби – эң аз ийрилик принциби, активдүү күчтөр таасир этпегенде, бардык кинематикалык мүм-күн болгон траекториялардын ичинен эң аз ийриликке ээ болгон траектория гана чыныгы болот деген механиканын вариация принциптеринин бири. Бул принципти өтө түз жол принциби деп аташат. Аны инерция законунун кору-тундусу катары да караса болот.

Мажбурлоо чоңдугу Z ийриликтин квадратына пропорциялаш болгондуктан Герц принциби эң аз мажбурлоо (Гаусс принцибин кара) принциби менен тыгыз байланышкан. Идеалдык байланыш учурунда эки принцип тең бирдей математикалык туюнтмага ээ: . Герц принциби нем. физиги Г.Герц, активдүү күчтөрдүн таасирин тиешелүү түрдө байланыштар менен алмаштырган өзүнүн механикасын түзүүдө колдонгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]