Гесс закону

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Гесс законутермохимиянын негизги закону.

Бул закон боюнча реакциянын жылуулук эффекти реакцияга кирген заттардын баштапкы жана акыркы абалдарына гана көз каранды болуп, процесстин ара стадияларына баш ийбейт.

Аны 1840-жылы орус химиги Г. И. Гесс (1802—1850) ачкан. Гесс закону — энергиянын сакталуу законунун бир формасы.

Анын жардамы менен реакциялардын белгилүү жылуулуктарын жыйынтыктоо аркылуу реакциянын белгисиз жылуулугун табууга болот.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.