Гетерография

Википедия дан

Гетерография (грекче ἕτερος башка, бөлөк, γράφω жазам, тартам) – жазуу ыкмасы; кээде сөздүн бөлүгү (негизи) же сүйлөм бир тилде жазылып, окуганда башка тилге өтүшү (башка тилде окулушу). Гетерография биринчи жолу Месопотамияда колдонулган. Шумер клинопистеринде сөздүн негизин идеограммалар менен, ал эми кызматчы сөздөрдү жана аффикстерди муун белгилери менен жазышкан. Мисалы, аккад жазуусунда сөздүн негизи мурункудай эле (шумерлердикиндей эле) калып, аффикстер, кызматчы сөздөр муун түрүндө аккад тилине тиешелүү белгилер аркылуу берилген; ал эми идеограммаларды окуганда аккаддыктардын белгилерине алмаштырылган. Кийинчерээк аккад тилинде муун жазууларын түзүшкөн, бирок көп колдонулуучу сөздөр, канцеляриялык формулалар, кудайлардын аттары ж. у. с. идеограммалар аркылуу шумер тилинде өзгөрүлбөстөн эле жазылган. Мындай гетерограммалар толугу менен аккад тилинде окулган. Андан кийин кээ бир тексттер (жоруу, ырым-жырымдар, хроникалар) Гетерографиялар менен жазылган. Иран тилдүү өлкөлөрдө б. з. ч. 4-кылым б. з. 7-кылымында үнсүздөрдүн ордуна Гетерографияларды колдонушкан. Ахемениддердин державасында катчылар расмий иш кагаздарын, документтерди арамей тилинде жүргүзүп, жогорку төбөлдөргө иран тилинде окуп беришкендиктен, Гетерографияды колдонуунун практикалык муктаждыктары келип чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]