Ге-гун

Википедия дан

Ге-гун, гяньгун Кытайдын расмий тарых наамасынын эң алгачкы эстелиги Сыма Цзяндын «Тарых жазмаларындагы» («Ши-цзи») биздин заманга чейинки 201-ж. эскерилген кыргыздардын энчилүү атынын кытай транскрипциясында (айтылышында) берилиши. Бул терминди орус кытайтаануучусу И. Бичурин биринчилерден болуп ырастаган жана дүйнөлүк илимий чөйрөгө тааныткан. Совет мезгилинде хакас археологу Л. Р. Кызласов этнотерминдин кыргыздарга таандык экендигинен күмөн санап, илимий талашты туудурган. Советтик белгилүү кытай таануучу С. Е. Яхонтовдун пикири боюнча «хягас» түрүндөгү кытай транскрипциясы кыргыз деген сөздү туюндурат, ар кандай формада берилген кытай иероглифтериндеги терминдер (ге-гун, гянь-гун жана башка) фонетикалык вариант катары эсептелип, кыргыз деген атты түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]