Мазмунга өтүү

Гиббс энергиясы

Википедия — ачык энциклопедия

Гиббс энергиясы, изобараизотермалык потенциал, эркин энтальпия – термодинамикалык потенциалдардын бири; көз каранды эмес параметрлер р (басым), Т (термодинамикалык температура) жана N (системадагы бөлүкчөлөр саны) аркылуу термодинамикалык системаны мүнөздөөчү функция. Ал кээде G (кээде Z, Ф) деп белгиленет жана энтальпия H, энтропия S жана температура T менен G=H-TS барабардыгы аркылуу берилип, ал эми гиббс энергиясы Гельмгольц энергиясы F менен G=F+pV катнашы аркылуу байланышат. Ал курчап турган телолор менен зат алмашуу процесстерин баяндап жазууда ыңгайлуу. Термодинамикага гиббс энергиясы түшүнүгүн америкалык физик Ж. У. Гиббс 1874-ж. киргизген. Турактуу басым кезинде жүргөн изотермалык тең салмактуулук процессинде гиббс энергиясы азайып, максималдуу пайдалуу жумушка барабар. Гиббс энергиясы көбүнчө кДж/моль же кДж/кг аркылуу туюнтулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]