Гигрограф

Википедия дан

Гигрограф(гигро... жана ...граф) — абанын салыштырмалуу нымдуулугун тынымсыз каттоочу прибор.

Түзүлүшү жагынан гигрометрге окшош. Прибордун сезгич элементи — адам­дын майсыз чачы же органикалык пленка. Нымдуулуктун өзгөрүшү (саат механизим менен кыймылга келет) барабанга оролгон кагаз тасмага автоматтык түрдө жазылып турат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.