Гигростат
Гигростат (гигро... жана грекче statjs – туруктуу, кыймылсыз) – салыштырмалуу нымдуулукту түзүү жана аны бир калыпта сактоо үчүн атайын салынган камера. Гигростат метеорологиялык практикада абанын нымдуулугун өлчөгөн гигрометрди сыноо жана текшерүү, лабораторияда ар түрдүү приборлордун нымдуулугун бир калыпта сактоо үчүн колдонулат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4