Гидравликалык сокку
Гидравликалык сокку — түтүктөгү суюктук ылдамдыгынын өтө тез өзгөрүшүнөн анын басымынын кескин (көз ирмемде) өзгөрүү кубулушу (мисалы, түтүктүн бекиткичин тез жапканда). Орус окумуштуусу Н.Е. Жуковскийдин теориясына ылайык гидравликалык соккудагы басымдын көбөйүшү Др=р(и0-п1)с формуласы менен аныкталат, мында Др Па менен туюнтулган басымдын көбөйүшү, с бирдиги кг/м2 болгон суюктук тыгыздыгы, v0 жана v1 тиешелүү түрдө тосмо коюлганга чейинки жана коюлгандан кийинки м/сек менен ченелген суюктуктун орточо ылдамдыктары, с согуу толкунунун түтүктү бойлото таралуу ылдамдыгы. Абсолюттук катуу капталдуу түтүктө с үндүн суюктуктагы таралуу ылдамдыгына a барабар (сууда a=1400 м/сек). Капталы I ES серпилгичтүү түтүктө c= J менен аныкталат, у Es + eD мында D жана 6 тиешелүү түрдө түтүктүн диаметри жана калыңдыгы, Е жана e түтүк жасалган материалдын жана андагы суюктуктун серпилгичтик модулдары. Басым өтө чоңойгондо гидравликалык сокку аварияга алып келбеси үчүн, түтүктөргө ар түрдүү сактагычтар орнотулат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4