Мазмунга өтүү

Гидродинамикалык нурланткыч

Википедия — ачык энциклопедия

Гидродинамикалык нурланткыч – кыймылдагы суюктуктун энергиясын акустикалык толкун энергиясына айландыруучу түзүлүш.

Гидродинамикалык нурланткыч чоргодон чыккан агымдын белгилүү формадагы жана өлчөмдөгү тоскоолдук менен өз ара аракетинен суюктукта болуучу дүүлүгүүгө негизделген. Бул дүүлүгүү автотермелүү режимин калыптандыруучу чоргодогу агымга каршылык кылат. Үндү нурлантуу механизми Гидродинамикалык нурланткычтын конструкциясына жараша түрдүү болуп, газ-агымдуу нурланткычтардан айырмаланат. Анткени суюктук чоргодон үн ылдамдыгынан тез ылдамдыкта агышы мүмкүн эмес. Пластинкалуу Гидродинамикалык нурланткыч өтө көп тараган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]