Гидрокыймылга келтиргич

Википедия дан

Гидрокыймылга келтиргич — энергия булагынын жана суюктуктун жардамы аркылуу ал энергияны өзгөртүп түзүүчү жана жүргүзүлө турган машинага жеткирип берүүчү тузүлүштүн жыйындысы.

Гидрокыймылга келтиргичти колдонуунун негизги максаты — машина ылдамдыгынын жүккө көз карандылыгын аныктоо. Мында энергиянын булагы электр же жылуулук кыймылдаткычтар, басым астындагы суюктук ж. б. болот. Энергияны өзгөртүп түзүүчү жана машинага жеткирүүчү түзүлүштүн түрүнө жараша Гидрокыймылга келтиргич гидростатикалык (көлөмдүк), гидродина­микалык жана аралаш кыймылга келтиргич болуп айырмаланат

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гидро­динамикалык кыймыл өткөргүч

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.