Гидростат

Википедия дан

Гидростат - (гидро... жана грекче statоs – кыймылсыз) – суу астында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүчү жана башка түрдүү жумуштарды аткаруучу аппарат. Ал атайын кемеден зым аркан менен суу түбүнө түшүрүлөт. Гидростатты 1911-ж. америкалык инженер Гартман жасаган. Азыркы кездеги гидростат бышык материалдардан (болот куймалары, айнек пластика ж. б.) шар же цилиндр формасында жасалып, 1–3 киши бата турган атайын камера түрүндө болот. Ал абаны конденсациялоо системасы, суу астында байкоо жүргүзүүгө арналган прибор, кино, фотоаппарат ж. б. менен жабдылат. Электр энергиясы, телефон байланышы атайын кабелдин жардамы менен камсыз кылынат. Гидростат негизинен 300 м тереңдикке чейин түшүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]