Гидротерм процесстери

Википедия дан

Гидротерм процесстери – органикалык эмес кристалл заттарды гидротермиялык синтездөө, башкача айтканда монокристаллдарды өстүрүү. Процесс оксиддердин, силикаттардын, сульфиддердин ж. б. заттардын 500°С, 10–80 МПа басымда сууда, суу эритмелеринде эрүүсүнө негизделген. Каныккан эритмеден кристаллдык фаза бөлүнүп, толук тазалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Гидротерм процесстери аркылуу SiO2, силикаттар (СаSiO3, NaN2SiO14), германаттар (Ge2O3), фосфаттар (KNaP4O12, P5O14), сульфиддер (HgS, ZnS, PbS) алынган. Моно45 кристаллдарды алууда автоклавдын алды жагына кристаллдык эмес майда шихталар, ал эми үстү жагына кристалл өсө турган ачыткыч коюлат. Автоклавдын алды жагын көбүрөөк жылытып, конвекциянын негизинде жогорку концентрациядагы эритмени үстүнө берүүгө шарт түзсө, ал бара-бара каныккан эритмеге айланып, кристаллдарды пайда кылат. Эриткич катары NaOH, NH4F, Н3Р04түн суудагы эритмелери колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]