Гидрурус

Википедия дан

Гидрурус (лат. Hydrurus) – колониясы бутактанган канат түрүндөгү былжырдын тобунан туруп, уз. 1-30 см субстраттарга жабышып өсүүчү алтын түстүү балыр. Клеткалары узун тегерек, же ийик формасында болушуп, талломдун четки бөлүгүндө жыш, ортосунда сейрегирээк жайгашышат.

Клетканын четки бөлүгүндө тепши түрүндөгү чоң хроматофор бир пиреноиди менен жайгашат. Андан тышкары лейкозин, пульсирлөөчү вакуолдор жана ядро бар. Көбөйүү тетраэдралар формасындагы зооспоралар аркылуу жүрөт. Кыргызстандын бийик тоолуу аймагындагы дарыяларда көп кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]