Гидpодинамикa

Википедия дан

Гидpодинамикa (гидро... жана динамика) – гидромеханиканын бир бөлүмү. Кысылбоочу суюктуктардын кыймылын жана алардын катуу нерселер менен өз ара аракеттенүүсүн изилдейт. Гидродинамика илим катары 18-кылымдын орто ченинде түзүлгөн. Аны негиздөөчүлөр Л. Эйлер жана Д. Бернулли болгон. Гидродинамика теориясында кысылбоочу суюктуктун кыймылын жазуу үчүн үзгүлтүксүздүк теңдемеси менен Навье-Стокс теңдемеси пайдаланылат. Гидродинамиканын теңдемелерин чыгарууда окшоштук теориясына негизделген жана окшоштук критерийин пайдаланган гидродинамикалык тажрыйба кеңири колдонулат. Гидродинамика ыкмалары убакыттын каалаган учурундагы ылдамдыкты, басымды суюктуктун ж. б. параметрлерин эсептөөгө мүмкүндүк берип, басым жана сүрүлүү күчүн аныктоого түрткү болот. Гидродинамика. суюктуктун эң негизги касиети анын агуучулугу жана туташтыгы деп эсептейт, суюктук кыймылга келгенде, аны менен идиштин каптал бетинин жана суюктук бөлүкчөлөрүнүн ортосунда да сүрүлүү күчү пайда болот. Магнит талаасы бар электр өткөргүч суюктуктардын кыймылын магниттик гидродинамика окутат. Авиациянын өркүндөшү гидродинамиканын техникада колдонулушун күчөттү жана бир катар орчундуу жыйынтык чыгарууга түрткү берди. Гидродинамика гидравлика, гидрология, гидротехника маселелерин, гидротурбиналар, сордурмалар (насос), суу түтүктөрүнүн эсептөө иштерин чечет. Гидродинамиканын азыркы кездеги практикалык колдонулушу өтө ар түрдүү. Ал кеме, самолётторду долбоорлоодон баштап, жер астындагы суу менен нефтини чыпкалоо маселелерин изилдөөгө чейин кеңири колдонулат. гидра динамиканын негизи==Колдонулган адабияттар==