Гиксостор

Википедия дан

Гиксостор – биздин заманга чейинки 1700-жылдар ченде Алдынкы Азиядан барып, Египетти басып алган азиялык көчмөн уруулар тобу. «Гиксостор» деп египеттиктер адегенде чет жерлик падышаларды («малчылардын башкаруучулары»), кийин ошол топтогу уруулардын баарын атап калышкан. Гиксостордун чыныгы аталышы белгисиз. Алар Төмөнкү Египетке жайланышып, Аварис деген борборун салышкан. Гиксостор биринчилерден болуп Египетте жылкы өстүрүшүп, кош дөңгөлөктүү арабаны пайдаланышкан, египет жазуусун жөнөкөйлөштүрүшүп, алфавиттик жазууну киргизишкен. Биздин заманга чейинки 16-кылымдын башында гиксостордун эзүүсүнө каршы египеттиктердин кыймылы башталып, фараон Яхмос I Аваристи басып алган. Гиксостордун аман калгандары Палестинага журт которушуп, көчүп кетишкен. Алардын мындан кийинки тагдыры дайынсыз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]