Мазмунга өтүү

Гильен Николас

Википедия — ачык энциклопедия

Гильен Николас - (толук аты Гильен Батиста) (10.7.1902, Камагуэй – 1989) – куба акыны, публицист, коомдук ишмер. Алгачкы ырлары 1919-ж. жарык көргөн. Н. Гильен «Бий кайрыктары» (1930), «Сонгоро Косонго» (1931), «Вест-Индия компаниясы» (1934) жана «Солдаттарга ыр, туристтерге бий», «Испания. Төрт кайгы жана бир үмүт жөнүндөгү поэма» (1937), «Бардык ырлар» (1947), «Куба элегиясы» (1953-54), «Эммет Тиллдин өлүмүнө эллегия» (1956), «Көтөрүлгөн элдин көгүчкөнү» (1958), «Карибдин көк деңизинде каалгыган кагаз кеме» (1978) ж. б. ыр жыйнактарынын жана бир нече поэмалардын, үч китептен турган «Шашылган сөз . 1929-1972» публицистикасынын автору. Чыгармалары кыргыз тилине которулган. Ал чыгармалары менен Кубадагы фашизмге каршы күрөшүп, куугунтук жеген. 1954–59-ж. эмиграцияда жүргөн; CCCP ж. б. өлкөлөрдө болгон. Элдик революциянын жеңишинен кийин (1959) мекенине кайтып келген. Ал Тынчтыктын бүткүл дүйнөлүк советинин мүчөсү (1950) болгон. «Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдагандыгы үчүн» Лениндик сыйлыгы ыйгарылган (1954). Чыгармалары: Новые стихи. М., 1966; Ырлар. Ф., 1964.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]