Гималай чычканы
| Гималай чычканы | ||||||||||
| | ||||||||||
| Илимий классификация | ||||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
|
КАТАЧЫЛЫК МААЛЫМАТЫ
Жок таксономдуу калыптар {{Apodemus }}, ар дайым таксонду Apodemus биологиялык классификацияда көрсөтөт. | ||||||||||
| Эл аралык илимий аталышы | ||||||||||
|
Apodemus gurkha Thomas, 1924 | ||||||||||
| Коргоо макамы | ||||||||||
| ||||||||||
Гималай чычканы (Apodemus gurkha) — кемирүүчүлөр түркүмүнүн токой жана талаа чычкандары тукумундагы сүт эмүүчүлөрдүн бир түрү. Түштүк Азиядагы Непал мамлекетинин Гималай тоолорунун аймагында кездешет[1].
Гималай чычканы түнкү мезгилдерде активдүү, адатта жерде жашайт, тамактанат жана ийин казганды жакшы көрөт. Азыгы өсүмдүктөрдөн, тамырлардан жана курт-кумурскалардан турат[2].
Таксономия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гималай чычканы жыйырма түрдөн турган жана Европа менен Азиянын көпчүлүк аймактарында таралган токой жана талаа чычкандарынын ичинде өзүнчө түр катары классификацияланат[3]. Алгач бул чычкандар сары ооз чычкандардын (Apodemus flavicollis) кош түрү деп эсептелген. Түр макамы 1996-жылы Гай Грэм Массердин генетикалык изилдөөсүнөн кийин берилген. Кийинки изилдөөлөрдүн натыйжалары Гималай чычканынын башка токой чычкандарынын эволюциялык линиясынан абдан эрте бөлүнгөнүн көрсөткөн[4].
Сырткы түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Башы менен денесин кошо эсептегенде узундугу 85тен 116 ммге чейин, куйругунун узундугу 97ден 103 ммге чейин, салмагы 23-40 г. Гималай чычканынын денесинин көлөмү тукумдун башка мүчөлөрүнөн аз гана айырмаланат. Арткы буттарынын узундугу 21ден 26 ммге чейин, ал эми кулактарынын узундугу 16дан 19 ммге чейин. Жонудагы жүндүн өңү боз түстө, ал эми курсагындагы жүндүн өңү күмүш сымал боз түстө. Арткы буттары ак түстө. Ургаачы чычкандарда төрт жуп эмчеги бар[1].
Жашаган аймактары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ареалы Борбордук жана Батыш Непалды камтыйт. Гималай чычканы Гималай тоолорунда, деңиз деңгээлинен 2200-3600 метр бийиктикте жашайт жана ийне жалбырактуу токойлор, аралаш токойлор же бадалдуу аймактарда кездешет. Бул чычкандар жашаган аймактарда ийне жалбырактуу дарактардан карагай, кызыл карагай жана кипарис, өсүмдүктөр арасынан негизинен рододендрондордун түрлөрү кездешет.
Жок болуп кетүү коркунучу жана коргоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Токойлордун айдоо жана жайыт жерлерге айланышы бул чычкандардын популяциясына терс таасирин тийгизет. Гималай чычканы ошондой эле айыл чарба зыянкечтери катары кабыл алынат жана жергиликтүү калк азык катары колдонуу максатында бул чычкандарга аңчылык кылышат. Бул коркунучтар көп деле терс таасирин тийгизбейт. Мындан тышкары, бул чычкандардын ареалынын аймагында бир нече коргоого алынган аймактар жана коруктар бар.