Гинзбург Вульф Вениаминович

Википедия дан

Гинзбург Вульф Вениаминович (19041969) — советтик антрополог, медицина илимдин доктору (1945). 1946—57-ж. С. М. Киров атн. Аскер-мед. академиянын (Ленинград) профессору; ана­томия кафедрасынын башчысы.

1958— 69-ж. СССР ИАнын (Ленииграддагы бөлүмү) Этнография институтунда сектор башчысы. Г. Байыркы О. Азия, Казакстан жана Волга боюндагы расалык типтерди сыпаттаган антропологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Тянь-Шань, Памир-Алай жана Туш. Кыргызстан аймактарын мекендеген байыркы көчмөн уруулардын антропологиясын изилдеген. Ал антроп-ялык, арх-ялык жана тарыхый маалыматтарга таянып, кыргыз, тажик, өзбек, түркмөндөрдүн тарыхы боюнча 50дөй ил. эмгек калтырган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.