Гиперүн

Википедия дан

Гиперүн – 109–1013 Гц тартибиндеги серпилгич толкундар.

Гиперүн физикалык табияты боюнча ультраүндөн айырмаланбайт. Анын жыштыгы 2.104–109 Гц. Гиперүндүн жыштыктары дм, см жана мм диапазондогу электр-магниттик термелүү жыштыктарына дал келет. Нормалдуу шартта абада Гиперүн толук жутулгандыктан таралбайт. Суюктукта Гиперүндүн алыска таралуусу өтө начар. Төмөнкү температурада Г. катуу нерселерде – монокристаллда салыштырмалуу жакшы тарайт. Табиятта жылуулуктан жаралуучу жана жасалма дүүлүгүүчү Гиперүндөр бар. 109–1013 Гц жыштыктагы толкундар жылуулуктан жаралуучу же жылуулук фонондору деп аталат. Жасалма Гиперүн оптикалык жол менен алынат. Гиперүндү нурлантуунун жана кабыл алуунун азыркы ыкмалары негизинен пъезо-электр жана магнит-стрикция кубулушуна негизделген. Гиперүндү дүүлүк-түрүү үчүн пластинка тибиндеги резонанстык пьезо-электр өткөргүчү колдонулат. О. эле резонанстык ыкмадан айырмаланган диэлектрдик пьезо-электр кристалл беттүү Гиперүндү дүүлүк-түрүүчү ыкма пайдаланылат. Мында төрт кырдуу кристаллдын туура кесилиш жагы өтө жогорку чыңалуудагы электр талаасына жайгаштырылат. Гиперүндү жаратууда электр-магниттик толкундун лазер булагы, о. эле өтө өткөр-гүчтөгү нурландыргыч кеңири колдонулат.

Катуу нерселерде Гиперүндүн таралуу узактыгы жылуулук өткөрүмдүүлүк менен ички сүрүлүүсүндөй эле анын жылуулук фонондоруна, электрондоруна, магнондоруна ж.б-га аракет этет. Заряддарды эркин алып жүрүүчүлөрү болбогон диэлектрик кристаллдарында Г-дүн өчүшү негизинен анын жылуулук фонондор менен сызыктуу эмес өз ара аракеттешүүсүн аныктайт. Жарым өткөргүчтөрдүн кристаллдарында Гиперүндүн таралышы үчүн Гиперүн электрон өткө-рүмдүүлүгү менен өз ара аракеттешүүгө тийиш. Металдар үчүн жарым өткөр-гүчтөрдүкү сыяктуу эффект мүнөздүү. Парамагнетиктердеги спин-фонондуу өз ара аракеттешүүнүн натыйжасында жыштык менен поляризация туура келген Гиперүндүн өтүшү атомдун магниттик абалын өзгөртөт.

Серпилгичтүү толкундардын аракетинде электр-магниттик толкундардын сынуу көрсөткүчүнүн өзгөрүшү, о. эле электр-стрикция эффектисинин натый-жасы менен электр-магнит толкундарынын аракетиндеги серпилгич толкундарынын пайда болушу фотон-фонондук өз ара аракеттешүүдөгүдөй болот. Мындай өз ара аракеттешке ультраүндөгү жарыктын дифракциясы, о. эле Мандельштам – Бриллюэндин спонтандуу жана аргасыз чачыроосу мисал боло алат.

Гиперүндүн касиети заттын абалын изил-дөөдө, өзгөчө катуу заттар физикасында пайдаланылат. Гиперүндү өтө жогорку жыштык аймагында, о. эле акустикалык электроника менен акустикалык оптика түзүлүшүн түзүүдө зор мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]