Гипоген кендери
Көрүнүш
Гипоген кендери (гипо... жана genеs – жаралуу), магматоген кендери, эндогенкендери – жер кыртышынын түпкүрүндө пайда болгон кендер. Гипоген кендери жер кыртышынын төмөнкү катмарларындагы жогорку басым менен температура шартында магма эритмелериндеги же газ-буудагы жана ысык суу эритмелериндеги минерал заттарынан пайда болот. Ага магма, пегматит, карбонатит, скарн жана гидротерм кендери болуп 5 генезистик топко бөлүнөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4