Гистоплазмоз

Википедия дан

Гистоплазмоз - адам менен айбанаттардын грибок оорусу.

Гистоплазмоз тропик өлкөлөрүндө көп кездешет. Аны менен адам, уй, жылкы, ит, мышык ылаңдайт. Ылаңдаткычы — мите грибок. Ал кургакчыл жылы чаң менен таралат. Гистоплазма аба, тамак-аш, тоют аркылуу адамга, малга жугат.

Гистоплазмозго көбүнчө адамдын жана айбандын ички мүчөлөрү (ретикул-эндотелийлик система) чалдыгат. Ылаңдаган малдын адегенде шайы кетет, от чалбайт, арыктайт, көздүн жана ооздун былжырлуу чели кубарат, айрым учурда саргаят. Ылаң өңкөдөн кармаса, кап жөткүрөт. Эгерде ылацга ичеги-карын чалдыкса, мал чычкактайт.

Гистоплазмозго каршы атайын дарылоо чаралары жок. Этилванилят, сульфаниламид жана амфотерицин В жакшы натыйжа берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.