Глазунов Александр Константинович

Wikipedia дан

Глазунов Александр Константинович - [29. 7(10. 8). 1865, Петербург – 21. 3. 1936, Париж) – орус композитору, дирижёр, музыкалык-коомдук ишмер. Республиканын эл арт. (1922). Оксфорд, Кембриж университеттеринин музыка боюнча ардактуу доктору (1907). Композиция боюнча Н. А. Римский-Корсаковдон таалим алган. 1888-жылдан дирижёр, 1899-жылдан Петербург консерваториясынын профессор, 1905-жылдан ректору, Октябрь революциясынан кийин Петроград консерваториясынын ректору. Музыканы жайылтуу жана агартуу ишине активдүү катышкан. 1928-жылдан чет өлкөдө жашаган. Глазунов «Кубаттуу топтун» жана П. И. Чайковскийдин салттарын уланткан ири орус композиторлорунун бири. Чыгармачылыгы негизинен симфониялык музыкада кеңири өнүккөн. 8 симфониянын автору. 1-симфониясын 16 жашында жазган. Аларга эпостук монументтүүлүк, элдик музыканын айкын жанрдык белгилери, көркөм чеберчилик мүнөздүү. Мыкты чыгармаларына 5- (1895), 6- (1896), 8- (1906) симфониялары, «Стенька Разин» симфониялык поэмасы (1885), «Раймонда» балети (1898), сюиталары, концерттери кирет. Г. орус камералык музыкасына да чоң салым кошкон. Н. А. РимскийКорсаков менен бирге А. П. Бородиндин «Князь Игорь» операсын бүтүргөн, М. И. Глинканын чыгармаларын редакциялоого катышкан. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Раймонда» балети коюлган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]