Гликоген ооруусу

Википедия дан

Гликоген ооруусу, гликогено - организмде углеводдун белок жана майлар менен бирге болгон зат алмашуунун өзгөчө бузулушу.

Гликоген ооруусу чанда кездешет да, ферменттин тубаса бузулуучу түрүнө кирет. Оорунун пайда кылуучу себептери жана анын өсүшү али толук изилдөне элек. Бул оору бир үй-бүлөдө бир нече кишиде (балдарда) кездешет.

Гликоген ооруусу гликогендин туура эмес түзүлүшүнөн, кээ бир ферменттер жетишпегенден же тубаса жок болгондон айрым гормондордун жана нерв системасынын бузулушунан пайда болушу мүмкүн.

Гликоген ооруусунун гепатомегалия же гепатонефромегалия (боор менен бөйрөктүн чоңоюшу) жана кардиомегалия (жүрөктүн чоңоюшу жана бузулушу) сыяктуу түрлөрү бар. Оорунун эки түрүндө тең бала туура өспөй, начар, алсыз, бою, моюну кыска, бети жана денеси эткел көрүнгөнү менен буттары ичке болот. Бала алсыз болгондуктан, аз кыймылдайт. Оору клиникалык жана биохимиялык анализдердин жардамы аркылуу аныкталат. Гликоген ооруусуна даба болчу атайын дарылар жок.

Көбүнчө даэтотерапия колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.