Глобалистика

Wikipedia дан

Глобалистика (лат. globi – шар) – макросоциалдык системалар, алардын динамикасы, глобалдык маселелерди чечүүнүн мүмкүнчүлүгүн изилдеген илимий багыт.

Глобалистика саясий, социологиялык, социал-философиялык ыкмалардын жыйындысы катары чыгып, төмөнкү ынанымга таянат:
1) адам, табият, коомду бир бүтүндүк деп карап, алардын өз ара мамилесине түзүлүш мамиле кылуу;
2) жашап турган системаны кризисте деп кароо, анткени дайыма ар кандай чатак маселелердин изилдөө алкагында болушу күтүлөт;
3) кризисти башкарууга мүмкүн болгон проблематиканы иштеп чыгуу.

Ушулардын негизинде, Батышта глобалдуу-менеджериалдык схематизм (3. Бзежинский, К. Боулдинг, Д. Дракер, Б. Жувенель ж. б.) келип чыгат. Булар саясаттын объект жана субъектине мамиле жасоо, саясий ишмердүүлүктүн максатын, натыйжасын аныктай билүүгө чакырышат.

Саясат адамдын турмушуна таасир бере турган түрдүү чыр-чатакты жөнгө сала турган чөйрө болуп калуусу керек. Саясий үгүт – койгон максатка жетишүү үчүн сценарий түзүүдө башталат да, керектүү маалыматты коммуникация каражаты аркылуу таратып жибере алат.

Глобалистика көп учурда массанын жөнөкөй, теоретикалык эмес көз караштарынан, жүрүм-турумунан көз каранды. Глобалистикалык маселелер илимий-техникалык революция шартында өндүргүч күчтөрдүн абдан өсүп, өндүрүштүн кеңейиши, андан коом менен жаратылыштын ортосунда баланстын бузулушунан келип чыккан кыйынчылыктар катары каралат. Адамзат цивилизациянын тагдырына байланышкан бул маселелерди биргелешип, эл аралык масштабда чечүү керек.

Глобалистиканын өнүгүшү илимий багыт катары үч этапка бөлүнөт:

1-этап – 60-ж. өндүрүштүн масштабы жаратылыштын антропогендик таасирлерди толуктоо мүмкүнчүлүгүнө коркунуч туудурган деңгээлге жеткенде, ушул этапта адамзатты жок кыла ала турган каражаттар түзүлөт. 1972-ж. Рим клубу «Өсүүнүн чеги» аттуу китебин чыгарат, анда өлкөлөр, эгер табиятка мамилесин өзгөртпөсө, боло турган кырсыктар жөнүндө эскертилет.

2-этап – 70-ж. Батышта көптөгөн структуралык кризистер глобалистиканын изилдөө маселеси болуп калды. А. Гоффлер, Э. Ласло, С. Менловиц сыяктуу окумуштуулар негиздеген.

З-этап – 80-ж. эгерде мурдагы эки этап батыш-чыгыш, таптык, таптык эмес көз караштар болсо, бул маселеге объективдүү илимий көз караш калыптанган. Глобалистикалык маселелер менен катар аймактык маселелер да бар, аларды туура чечүү маанилүү.



Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8