Глобулиндер

Википедия дан

Глобулиндер (латынча globulus – тоголок) – табиятта кеңири таралган белоктор тобу. Туздардын, кислоталардын, щелочтордун начар эритмелеринде жакшы, сууда начар эрийт; аммоний сульфатынын каныккан эритмесинде чөгөт. Өсүмдүк жана жаныбар ткандарында болуп, цитоплазма, кан жана лимфанын суюк бөлүгүнүн курамына кирет. Кан сарысуусунун белогунун дээрлик жарымын глобулиндер түзөт. Глобулиндердин көбү жөнөкөй белоктор, айрымдары углеводдор, липиддер, нуклеин кислоталары, иод (тиреоглобулин) менен байланышкан. Организмдин иммундук касиетин (антитело) аныктайт. Кандын уюшуна (протромбин, фибриноген ж. б.) темир, жез ташууга катышат. Кандын суюк бөлүгүндө глобулиндерден башка альбумин белоктору кездешет. Гамма глобулиндер дары катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]