Го

Википедия дан

Го

1. байыркы кытай жазма булактарында мамлекеттик бирикменин аталышы. Го байыркы мезгилде жана орто кылымдарда чет элдик жерлер жөнүндө сөз болгондо колдонулган. Мисалы, биздин заманга чейинки 201-жылы байыркы кыргыздар (гянгундар) мекендеген жер Го деп аталган.

2. Хань династиясынын мезгилинде (биздин заманга чейинки 202–биздин замандын 220-жыл) башка өлкөнүн башкаруу бийлик чөйрөсүн да Го деп аташкан. Кытайдын ички мамлекеттик саясатына карата баа бергенде жогорку бийлик чөйрөсү коңшу чет мамлекеттердин эгемендүү укуктарын тааныбай көз карандылыкта кармаганга аракет кылышкан. Себеби, алар өз мамлекетин даңазалап, бүт дүйнөнүн бийлөөчүсү, эң ири башчысы деп эсептешкен. Бул терминди илимий анализ кылууда орус окумуштуусу А. Г. Малявкиндин жана кытай профессору Ху Чжен Хуанын салымы зор.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]