Голономдук система
Көрүнүш
Голономдук система – бар-дык байланыштары геометриянын эрежелерине баш ийген механикалык система (к.Механикалык байланыш).
Голономдук системанын мисалы болуп кош маятник эсептелет. Голономдук системадагы байланыштар механикалык системанын бөлүктөрүнүн же чекиттеринин орун алышына (же кыймыл убактысындагы которулушуна) гана чектөөлөрдү коёт, ал эми алардын ылдамдыктарынын маанилерине чектөө койбойт. Голономдук системаларды башка системалардан айырмалап өзүнчө кароо өтө маанилүү, анткени голономсуз системага туура келбеген механиканын жөнөкөй теңдемелери жана жалпы принциптери Голономдук системада толук колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0