Голос пролетариата

Википедия дан

«Голос пролетариата» – 1918–23-жылдар. Каракол шаарында орус тилинде чыккан гезит. Партиянын Каракол уезддик комитетинин жана уезддик советинин органы. 1920-жылдын август айынан «Призыв к труду», 1922-жылдын сентябрынан «Каракольская правда» деген ат менен чыгып, Совет өкмөтүнүн декреттери, партиялык токтомдор, буйруктар, жергиликтүү ревкомдун чечимдери, уездеги элдин турмушун чагылдырган макалалар, жаңылыктар жана башка жарыяланып, аймакта Совет бийлигинин орношуна көп эмгек сиңирген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4