Мазмунга өтүү

Голубин Владимир Николаевич

Википедия — ачык энциклопедия

Голубин Владимир Николаевич - (2.7.1909, Анжеро-Суженск шаары – 10.8.1993, Бишкек) – геолог, СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1953). Орто Азия политехникалык институтунун геологиялык чалгындоо факультетин бүтүргөн (1932). Кыргыз ССР геологиялык башкармалыгынын башкы геологу, башкы инженери, начальниги (1938-61), Казак ССР геологиялык башкармалыгынын начальниги (1954–56). Кыргызстандын кен байлыктарын ачуу, чалгындоо жана аларда геологиялык жумуштарды жүргүзүүнү өркүндөтүүгө олуттуу салым кошкон. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (5-шайланышы) депутаты. Урандын Кыргызстандагы ири кендерин чалгындоого активдүү катышкан. Эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]