Гольдбах проблемасы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Гольдбах проблемасы - сандар теориясынын маанилүү проблемаларынын бири.

Гольдбах проблемасында 5 жана андан чоң ар кандай так санды үч жөнөкөй сандын суммасы, ал эми 4 жана андан чоң ар кандай жуп санды эки жөнөкөй сандын суммасы түрүндө көрсөтүүгө мүмкүн экендигин далилдөөгө боло тургандыгы айтылган.

Айрым учурда Гольдбах—Эйлер проблемасы деп да аталат. 1742-ж. Петербург ИА-нын акад. X. Гольдбахтын (1690-— 1764) Эйлерге жазган катында Гольдбах проблемасы айтылып, Эйлер өзүнүн жообунда Гольдбах проблемасынын жуп сандар үчүн туура экендигин билдирген. Гольдбах проблемасын чечүүдөгү алгачкы кадам Л. Г. Шнирельманга (1930) таешелүү. Гольдбах проблемасы үчүн так сандар акад. И. М. Виноградов (1937) тарабынан чечилген.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.