Гомстед-акт

Википедия дан

Гомстед-акт - (англисче homestead – чарбак, участка) – АКШда жер кесип берүү жөнүндөгү мыйзам. АКШдагы Граждандык согуш (1861–65) мезгилинде эл массасынын жана республикалык партиянын радикал-демократчыл бөлүгүнүн кысымы менен 1862-ж. май айында кабыл алынган. Бул мыйзамда АКШнын 21 жашка толгон жана Түштүк тарабында Түндүккө каршы согушка катышпаган ар бир жаран 10 доллар төлөп, коомдук фондудан 160 акр (65 га) жер алуу укугу белгиленген. Гомстед-акт боюнча 115 млн га чамалуу жер берилген. Гомстед-актынын кабыл алынышы башка чаралар менен бирдикте АКШнын айыл-чарбасына капитализмдин өнүгүшүнүн «америкалык» фермердик жолунун жеңиши болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]