Иван Гончаров

Википедия дан
Гончаров, Иван Александрович‎»‎ барагынан багытталды)
Иван Гончаров

Иван Александрович Гончаров (6. 6. 1812, Симбирск —15. 9. 1891, Петербург) — орус жазуучусу.

Крепостнойдун үй-бүлөсүндө туулган.

Москва университетинин тил-адабият бөлүмүн бүтүргөн. Чыгармачылыгы университетте окуп жүргөндө башталат. Алгачкы ырлары романтик акындардын таасиринде жазылган. Гончаровдун В. Г. Белинский менен (1846) таанышуусу демократиялык көз карашынын өнүгүшүнө түрткү берген. «Демейдеги окуя» (1847), «Обломов» (1859), «Жар» (1869) романдары — орус турмушундагы чындыкты ар тараптан көрсеткөн реалисттик мыкты чыгармалар. «Обломов» романын Н. А. Добролюбов жогору баалаган. В. И. Ленин «обломовчулукту» артта калуучулук, бекерчилик, мителик маанисинде көп колдонгон.

Гончаров орус жана дүйн. адабияттын тарыхында реалисттик көркөм прозанын чебери катары белгилүү. Жазуучунун калемине очерктер, адабий сын макалалар да таандык. Гончаровдун чыгармаларынын көбү кыргызча которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.