Грибачёв Николай Матвеевич

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Грибачёв Николай Матвеевич (6 (19). 12. 1910, азыркы Брянский обл., Лопуша кыш. - 1992) - жазуучу, коомдук ишмер, Лениндик сыйл. лауреаты (1960), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974).

«Советский Союз» журналынын башкы редактору (1950-54, 1956-91) болуп иштеген. «Түндүк-Батыш» (1935), «Согуш жолдору менен» (1945) ж. б. ыр жыйнактары жарык көргөн. Грибачёвго «Большевик" колхозу» (1947), «"Победадагы" жаз» (1948) поэмалары үчүн СССР мамлекеттик сыйл. (1948, 1949) ыйгарылган.

Ошондой эле «Август жылдыздары» (1958), «Түнкү добул» (1964) ж. б. аңгемелери белгилүү. Айрым ырлары кыргыз тилине которулган. Октябрь Революциясы ордени, башка ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4