Мазмунга өтүү

Грива Жан

Википедия — ачык энциклопедия

Грива Жан (өз аты-жөнү — Жан Карлович Фолманис) (24. И (7. 12). 1910-ж. т.) — латыш совет жазуучусу.

1934-жылдан КПСС мүчөсү.

Гриванын «Пиренейдин ары жагында» (1948) аңгеме жыйнагында испан элинин азаттык күрөшү көрсөтүлгөн. «Өмүр жолу» (1952) романында согуш убагындагы латыш аткычтарынын эрдиги баяндалат.

Грива бир нече драмалык чыгармалардын, «Таңды күткөн адам» (1967) романынын жана балдар үчүн жазылган китептердин жазуучусу. СССР Жогорку Советинин (6-шайл.) депутаты.

Беш орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.