Мазмунга өтүү

Гродеков Николай Иванович

Википедия — ачык энциклопедия

Гродеков Николай Иванович (1843-1913), орус армиясынын генерал лейтенанты, Приамур аймагынын генерал-губернатору (1898-1902), Мамлекеттик Советтин мүчөсү, ИРГОнун жергиликтүү жетекчилик милдеттерди аткарган. Орто Азияга болгон согуштук жүрүштөргө катышкан. Ахалтеке, Хивага болгон аскер жүрүшүнүн жигердүү катышуучусу болгон. Жергиликтүү калктын маданиятын, каада-салт, үрп-адаттарын кунт коюп үйрөнгөн. Кыргыздардын жана казактардын 19-к. Коомдук-социалдык, экономикалык абалын изилдеп, 1889-ж. «Киргизы и каракиргизы Сырдарьинской области» аттуу өз учурунун фундаменталдуу болгон эмгегин жарыкка чыгарган. Китепте таластык кыргыздар тууралу кенен маалыматтар берилген. Таластык кыргыздардын уруулук курамы, админстративдик-башкаруу түзүлүшү, үрп-адаттары, каада-салты, чарбалык укладдары, соода алакалары жөнүндө кызыктуу маалыматтарды жазган. Адат укугу боюнча жазалоо, кордоо, кылмышы үчүн уруунун курамынан чыгарып жиберүү, барымтага алуу, аш-той, сөөк коюу салттарын терең изилденген. Анын өзгөчө кыргыздын сол канатындагы уруулардын эн тамгалары боюнча берген маалыматтары илим үчүн баалуу. Мындан сырткары, өз эмгегинде Талас аймагындагы белгилүү эл жакшыларынын ысымдары жөнүндө кенен маалыматтарды берген. Элдин тамак-ашына токтолуп, конокторго эт тартуунун салтына кеңири токтолгондугу маалым. Калктын социалдык турмушу, укуктук нормалары, мыйзам жөнүндө, үй-бүлөлүк мамилелери, уруулардын ураандары жана эн тамгалары тууралу сүрөттөп жазган. Н.И.Гродеков 1843-ж. Россиянын Елизаветградда (Кировоград) шаарында туулган, жетимдер кадеттик мектепте окуп, билим алуусун аскер училищесинен уланткан экен. 1862-ж. аскер кызматына өтүп, өзүнүн эмгеги жана дайыма билим үчүн болгон аракети үчүн Россиянын Генералдык Штабынын алдындагы аскер Академиясына чакырылган. Орто Азияны басып алган генерал М.Скобелев менен бирге окуган. Үй бүлө күтпөгөн орус офицери бош убактысында чыгыш адабиятына кызыгып, этнографияны тереңдетип окуган. Эмгекчилдиги үчүн 30 жашында орус армиясынын полковниги чинине ээ болгон. “Афганистан аркылуу”, “Хива жүрүшү” аттуу эмгенктерди жазган. 1883-1893 жж. Сыр-Дарыя облусунун генерал-губернатору болуп кызмат өтөгөн. ИРГОнун чыныгы мүчөлүгүнө кабыл алынган. 1906-1908 жж. Түркстан крайынын генерал-губернатору болуп иштеген да ден соолугуна байланыштуу отставкага чыккан. Ал кызмат өтөгөн жерлерде жергиликтүү калктын маданиятын окуп-үйрөнүп, музейлерди ачкандыгы белгилүү. 1913-ж. каза тапкан.

==Эмгектер==:

  • Война в Туркмении. Поход Скобелева в 1880—1881 гг. Т. 1—4. СПб., 1883—1884
  • Всеподданнейший отчет Приамурского генерал-губернатора. Хабаровск, 1901
  • Записка о путях из Закаспийского края в Герат // Сборник географических, топографических и статистических материалов по Азии. Вып. V.
  • Киргизы и кара-киргизы Сыр-Дарьинской области. Ташкент, 1889
  • Об открытии Троицкосавско-Кяхтинского отделения Приамурского отдела Русского Географического общества. Иркутск, 1894
  • Поездка из Самарканда через Афганистан в Герат // Сборник географических, топографических и статистических материалов по Азии. Вып. V.
  • Стратегический обзор Хивинского ханства. Ташкент, 1882 (совместно с Л. Н. Соболевым)
  • Хивинский поход 1873 года. Действия Кавказских отрядов. СПб., 1883 (2-е, значит. доп., изд.: СПб., 1888)
  • Через Афганистан. Путевые записки полковника Генерального штаба. СПб., 1880

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015