Мазмунга өтүү

Громова Зарема Загидовна

Википедия — ачык энциклопедия
Туулган жылы:
Илимий чөйрөсү:
Белгилүү болгондугу:
Белгилүү болгондугу:

Зарема Загидовна Громова (12-июль 1943-жыл, Жалал-Абад шаарында туулган) — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, медицина илимдеринин кандидаты, Бишкек шаарындагы доктор Громованын көп тармактуу медициналык борборунун негиздөөчүсү жана жетекчиси.

Зарема Загидовна Громова 1943-жылы 12-июлда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1948-жылы анын үй-бүлөсү Бишкек шаарына (мурдагы Фрунзе) көчүп келишкен.

1958-жылы медициналык окуу жайга тапшырып, аны 1960-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Эмгек жолун бөлүштүрүүнүн негизинде Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун (КММИ) патологиялык анатомия кафедрасында баштаган. Патологиялык анатомияга болгон кызыгуусун кафедранын башчысы, профессор Малышев Борис Федорович ойготкон.

Патологиялык анатомия — медицинанын эң татаал дисциплиналарынын бири, анда “өлүктөр тирүүлөргө сабак берет” деп айтылат. Зарема Загидовна 1963-жылы КММИнин медицина факультетине тапшырып жатып эле патологоанатом болорун билген. 1969-жылы институтту аяктагандан кийин, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясына, Биохимия жана физиология институтуна морфолог кызматына чакырылган. Ал жерде Громова канды тиешелүү иштетүүдөн кийин куюу мүмкүнчүлүгү сыяктуу актуалдуу көйгөйлөрдүн бири боюнча илимий иштерди баштаган. Бул илимий тажрыйбалардын бир бөлүгү Москва шаарындагы патологиялык анатомия бөлүмүнүн базасында лабораториялык жаныбарларда (иттер, коёндор, маймылдар) жүргүзүлгөн. Аталган бөлүмдү профессор Николай Константинович Пермяков жетектеген, ал эми изилдөөлөрдүн консультанты болуп дүйнөгө белгилүү окумуштуу, хирург-трансплантолог Владимир Петрович Демихов — экспериментте биринчи жолу жүрөк көчүргөн жана адамга биринчи жолу жүрөк көчүргөн хирург Кристиан Бернардын устаты болгон.

1967-жылы Громова Алма-Ата шаарында жабык окумуштуулар кеңешинде диссертациясын коргогон. Адамдарга жардам берүү жана практикалык медицинага жакын болуу каалоосу аны Республикалык клиникалык оорукананын патологиялык-анатомиялык бөлүмүнө прозектор кызматына өтүүгө түрткү берген.

1986-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен Громова З.З. балдар бөлүмүн ачып, балдардын патологиялык-анатомиялык кызматынын негиздөөчүсү болгон. Ошол эле учурда ал КР Саламаттык сактоо министрлигинин башкы патологоанатому болуп, бул ишин КММИде жана Славян университетинде окутуучулук ишмердүүлүгү менен айкалыштырган: алгач кафедранын ассистенти, андан кийин доценти болгон.

Ишмердүүлүгү учурунда, 2009-жылга чейин, Громова З.З. республикада биринчи жолу калкан безинин патологиясын диагностикалоо ыкмасы катары ТАПБ колдонуу менен изилдөөлөрдү киргизген. 1987-жылы балдардын, өзгөчө ымыркайлардын өлүмүнүн жогорку деңгээлин эске алуу менен Громова З.З. балдардагы ичтен жуккан инфекцияларды тирүү кезинде диагностикалоону жана плаценталарды изилдөөнү киргизген. Бул республика боюнча өлүм деңгээлин кыйла төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген.

Анын жетекчилиги астында 140тан ашык илимий макала, 5 методикалык көрсөтмө жарык көргөн, 4 кандидаттык диссертация корголгон.

Кош бойлуулукту көтөрө албоо, атап айтканда, боюнда бар аялдардын боюнан түшүп калуу көйгөйү маанилүү маселелердин бирине айланган. Санкт-Петербург облустук патологиялык-анатомиялык бюросунда Б.И. жана Н.Г. Глуховецтин жетекчилиги астында адистик курсунан өткөндөн кийин, Громова З.З. бул маселе менен алектенип, патологиянын себептерин диагностикалоо менен гана чектелбестен, жакшы натыйжалар менен объективдүү сунуштарды берген.

2010-жылы Громова З.З. республикада биринчи жолу эмчек безинин залалдуу шишиктерин иммуногистологиялык изилдөөнү киргизген.

Активдүү илимий-практикалык ишмердүүлүгү үчүн Громова З.З. "Саламаттык сактоонун отличниги" (1995) жана "КР эмгек сиңирген врачы" (1998) наамдарына татыган. Ошондой эле жабык темадагы иштеринин жыйындысы үчүн СССР Министрлер Советинин экинчи даражадагы сыйлыгын алган (1983). Мындан тышкары, ал көптөгөн Ардак грамоталар менен сыйланган.