Грузин тили
Грузин тили (грузинчеси ქართული, картули) — картвел тобундагы тил, Грузиянын мамлекеттик тили. Грузин тили грузин алипесин колдонот жана сүйлөөчүлөрдүн жалпы саны 9.5 миллионго чукулдап барат, анын 6 миллиону Грузияда, калган 3.5 миллиону негизинен Оруссияда, АКШда, Иранда, Түркияда жашашат. Советтер Союзу убагында грузин тили ырасмий түрдө Грузиядагы мамлекеттик тил болуп саналган. Бул тилден башка СССРдин бир дагы тили мындай укука ээ болгон эмес.