Гуманитардык сабактар кафедрасы
| Гуманитардык сабактар кафедрасы (ГСК) | |
| Негизделген жылы |
2004-жылы 27-сентябрдын № 3 буйруктун негизинде гуманитардык бөлүмгө кирген дисциплиналар (Кыргызстандын тарыхы, медицина тарыхы, орус тили же кыргыз тили (тандоо курсу) катары ж.о.э. чет тили, латын тили, философия, социология, культурология) Кыргызстан Эл аралык университетинин тиешелүү кафедраларына бекитилген. 2014 - жылдан баштап кыргыз тили сабагы окуу планына киргизилип, милдетүү түрдө окутулуп келе жатат. |
|---|---|
| Өзгөрүлгөн |
ЭАЖММдин уставына ылайык жана окуу процессин уюштуруу максатында 2006-жылы 11-сентябрдын № 15 буйруктун негизинде 2006–2007-окуу жылында "Гуманитардык дисциплиналар кафедрасы" ачылган. |
| Ректору |
Ахунбаев Стальбек Медерович |
| Мүдүрү |
Кафедра башчысы Алымкулова Нурия Насипкуловна |
| Кампусу |
Клиникалык симуляциялык борбор |
| Юридикалык дареги |
Лев Толстой көчөсү 17А/3. |
| Сайты |
Humanities Department. hd_ihsm_kg |
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин[1]
Гуманитардык сабактар кафедрасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чет элдик студенттерге кыргыз тили жана адабият дисциплинасын окутуу — Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында чет өлкөлүк студенттер үчүн сунушталган билим берүү программасы. Бул дисциплина студенттердин кыргыз тилин оозеки жана жазуу түрүндө өздөштүрүүсүнө, жергиликтүү калк менен байланыш түзүүсүнө, социалдык жана маданий чөйрөгө адаптацияланышына, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүктө тилдик көндүмдөрдү колдонушуна багытталган. Айрыкча медициналык багыттагы жогорку окуу жайларда бул дисциплина студенттердин бейтаптар, окутуучулар жана медициналык кызматкерлер менен натыйжалуу баарлашуусуна көмөк көрсөтөт.
Максаты:
Программанын негизги максаты — студенттерди кыргыз тилинин фонетикалык, грамматикалык жана лексикалык негиздери менен тааныштыруу, ошондой эле алардын коммуникациялык компетенцияларын өнүктүрүү.
Кафедранын окутуучу-профессорлор курамы:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Гуманитардык сабактар кафедрасынын түптөлүшүнө кафедранын төмөндөгү окутуучу-профессор курамы өз салымын кошушкан. Кафедра башчысы Алымкулова Н.Н., жана улук окутуучу Каримова С.А., улук окутуучу Кочкорбаева Ч.И., ф.и.к., доцент Бутешова А.Р., улук окутуучу Джаманкулов Д.К.
2024-2025 окуу жылындагы окутуучу-профессор курамы:[2]
Кафедра башчы Алымкулова Н.Н., кафедранын завучу улук окутуучу Каримова С.А.,улук окутуучу Незнаева Р.А., улук окутуучу Кочкорбаева Ч.И., улук окутуучу Джаманкулов Д.К., ф.и.к., доцент Ли Юрий Василевич., ф.и.к., доцент Бутешова А.Р., улук окутуучу Ажибекова А.А., улук октуучу Кибраева М., улук окутуучу Мамытов А,Ж., ф.и.к. улук окутуучу Туратбек кызы Ж., окутуучу Токонова А.А., окутуучу Турусбеков М.А., окутуучу Трофименко Л.О., ф.и.к., окутуучу Камчыбек кызы А., улук лаборант Ырысбек кызы Ш., улук лаборант Ручкин Д.В.
Кафедранын окутуучу-профессорлор курамынын жетишкендиктери:[1]
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28- июлундагы №319 Жарлыгына ылайык, Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы Н.Н.Алымкулова “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган. [3]
Ушул жарлыкка ылайык Мукаш уулу Таласбек, Жумабекова Бурул Алымбковна - Эл аралык Жогорку Мектебинин Гуманитардык сабактар кафедрасынын кыргыз тили сабагынын улук окутуучулары “Ардак грамоталары“ менен сыйланышкан.
2024-жылдын 23-сентябрында өткөрүлгөн “Кыргыз тилин өнүктүрүү жолдору” аттуу кереге кеңеште кафедранын окутуучулары М. А. Кибраева жана А. А. Ажибекова мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Ыйык тил” төш белгиси менен сыйланышкан.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын" ишке ашыруу максатына караштуу кафедра да мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өз салымдарын кошуп, кафедранын окутуучу-профессор курамы кыргызтесттин С1 жана Б2 денгээлинин тастыктамаларына ээ болушкан.
Колдонуу чөйрөсү:
- Бул дисциплина чет элдик студенттерге төмөнкү багыттар боюнча билим жана көндүмдөрдү берет:
- күнүмдүк турмушта кыргыз тилин колдонуу;
- кесиптик чөйрөдө пикир алышуу;
- Кыргызстандын тарыхы, маданияты жана салттары менен таанышуу;
- социалдык-маданий чөйрөгө адаптациялануу;
- медициналык мекемелерде бейтаптар жана кызматкерлер менен байланыш түзүү.
- Программа студенттердин тилдик, социалдык жана кесиптик чөйрөдө өз ара аракеттенүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Кыргыз тили жана адабият программанын өнүгүүсү:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Программа мезгил-мезгили менен жаңыланып жана өркүндөтүлүп келген. 2019-жылдан баштап кыргыз тил сабагы гуманитардык сабактар кафедрасынын окуу жүктөмүнө кирип өтүлө баштаган. Программанын жаңылоо жана толуктоодо кафедра башчысы Алымкулова Н.Н. жана кыргыз тили мугалимдери улук окутуучу Кибраева М.А., улук окутуучу Мамытов А.Ж., ф.и.к. улук окутуучу Туратбек кызы Ж., окутуучу Токонова А.А.,окутуучу Камчыбек кызы А. өз салымдарын кошуп келет.
- - 2014-жыл — баштапкы нускасы ( вариант) иштелип чыккан;
- - 2017-жыл — жаңыланган нускасы ( вариант) кабыл алынган;
- - 2023-жыл — 4 кредит көлөмүндөгү программа катары ишке киргизилген;
- - 2025-жылдын 20-февралы — Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин Гуманитардык сабактар кафедрасында «Жогорку окуу жайларында кыргыз тилин чет тили катары окутуунун маселелери» аттуу кереге кеңеш өткөрүлгөн. Кереге кеңештин жыйынтыгында окутуу процессиндеги көйгөйлөр талданып, тажрыйба алмашуу жүргүзүлгөн жана методикалык сунуштар иштелип чыккан. Анын негизинде программаны кеңейтүү жана окуу жүктөмүн 8 кредитке чейин көбөйтүү боюнча чечим кабыл алынган.
Кафедранын илимий иштери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2025–2026-окуу жылына карата кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан илимий-изилдөө иштери активдүү жүргүзүлдү. Илимий изилдөөлөрдүн негизинде актуалдуу багыттар боюнча илимий макалалар даярдалып, жарыялоого сунушталды. Макалаларда билим берүү системасын өркүндөтүү, заманбап педагогикалык технологияларды колдонуу, илимий-инновациялык ыкмаларды өнүктүрүү жана тиешелүү тармактагы актуалдуу маселелер кеңири талданган.Кафедранын окутуучулары тарабынан даярдалган илимий эмгектер республикалык жана эл аралык илимий-практикалык конференцияларда талкууланып, төмөндөгү илимий журналдарга жарыяланды. Жүргүзүлгөн илимий иштер кафедранын илимий потенциалын жогорулатууга, окутуунун сапатын жакшыртууга жана илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түздү.[1]
Ф.и.к. улук окутуучу Туратбек кызыЖ.
1. Саясий ишмердүүлүктөгү стратегиялык башкаруу: маңызы, түзүмү, уюштуруу принциптери. Илим жана инновациялык технологиялар. Илимий жана маалымат журналы – Бишкек, 2025-ж. - № 2/2025(35). 131-136б. ISSN 1694-7762. http://science-journal.kg/https://intuit.kg/[1]
2. Кыргызстандын саясий контексти: тарыхый жана институционалдык талдоо. Илим жана инновациялык технологиялар. Илимий жана маалымат журналы – Бишкек, 2025-ж. - № 2/2025(35). 137-141б. ISSN 1694-7762. http://science-journal.kg/https://intuit.kg/[1]
3. Чет элдик студенттерге кыргыз тили сабагын окутууда чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүдөгү инновациялык ыкмалар. Илим жана инновациялык технологиялар. Илимий жана маалымат журналы. Бишкек, 2025-ж. - № 3/2025(36).130-136б. ISSN 1694-7762. http://science-journal.kg/https://intuit.kg/[3]
4. Интерактивдүү окутуу-жогорку окуу жайлардагы инновациялык көрүнүш катары жана анын билим берүүдөгү актуалдуулугу. Илим жана инновациялык технологиялар. Илимий жана маалымат журналы. Бишкек, 2025-ж. - № 3/2025(36). 137-143б. ISSN 1694-7762. http://science-journal.kg/https://intuit.kg/
5. Кыргыз Республикасында Университеттик билим берүү системасын өнүктүрүүнүн жана сапатын жогорулатуу багыттары (статья). Илим жана инновациялык технологиялар. Илимий жана маалымат журналы. Бишкек, 2025-ж. - № 4/2025(37). 323-328б. ISSN 1694-7762. http://science-journal.kg/https://intuit.kg/
6. Кесиптик лицейлерде кыргыз тили жана адабияты сабагын натыйжалуу окутуунун жолдору. Илим жана инновациялык технологиялар. Илимий жана маалымат журналы. Бишкек, 2026-ж. - № 1/2026(38). 407-413б. ISSN 1694-7762. http://science-journal.kg/https://intuit.kg/
7. Саясий ишмердүүлүктө стратегиялык башкарууну оптималдаштыруунун компоненти катары саясий болжолдоо. Илим жана инновациялык технологиялар. Илимий жана маалымат журналы. Бишкек, 2026-ж. - № 1/2026(38). 276-284б. ISSN 1694-7762. http://science-journal.kg/https://intuit.kg/
8. Кыргыз Республикасында кесиптик билим беруу системасын модернизациялоо: көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн негизги багыттары. Илим жана инновациялык технологиялар. Илимий жана маалымат журналы. Бишкек, 2026-ж. - № 1/2026(38). 226-232б. ISSN 1694-7762. https://intuit.kg/
9. Улук окутуучу Кибраева М.А. Чет элдик студенттердин Кыргызстандагы социалдык жана маданий адаптациясы.Бишкек, 2025-ж. №1 (58) КЭАУ – журнал. 15-20б.https://iukr.kg/vestnik-ru
10. Окутуучу Токонова А.А. Чет өлкөлүк студенттердин кыргыз тилин өздөшүрүүдөгү эн маанилүү жана натыйжалуу ыкмалары. Бишкек, 2025-ж. №1 (58) КЭАУ – журнал. 28-34б.ISSN 1694-6324. https://iukr.kg/vestnik-ru
11. Окутуучу Камчыбек кызы. Жогорку окуу жайларда кыргыз тилин чет тили катары окутууда студенттердин сүйлөө көндүмдөрүн калыптандыруу жана жеңилдештирүү. Бишкек, 2025-ж. №1 (58) КЭАУ – журнал. 134-139б. ISSN 1694-6324. https://iukr.kg/vestnik-ru
12. Котормодогу грамматикалык трансформациялар: Ч.Айтматовдун орус жана кыргыз тилдериндеги чыгармаларынын мисалында. Илим жана инновациялык технологиялар. Илимий жана маалымат журналы. Бишкек, 2026-ж. - № 1/2026(38). 519-526б. ISSN 1694-7762. https://intuit.kg/
Кошумча иш-чаралар:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дисциплина алкагында тилдик жана маданий багыттагы иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Студенттер ар түрдүү конкурстарга, олимпиадаларга, жогорку окуу жайлар аралык жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишет. Ошондой эле илимий жана экологиялык багыттагы конференциялар уюштурулуп, студенттердин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары, кафедранын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында окуу процессине байланыштуу маалыматтар, жетишкендиктер жана жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар үзгүлтүксүз жарыяланып турат.
2024–2025-окуу жылынан баштап кафедранын ага окутуучусу А.А. Ажибекова тарабынан демилгеленген «Кыргызча сүйлөйбүз» аттуу рубрика ишке киргизилген. Рубриканын алкагында кыргыз тили сабактарынан үзүндүлөр, студенттер тарабынан даярдалган видеоматериалдар жана кыска видеороликтер (рилстер) жарыяланып, мамлекеттик тилди жайылтуу жана өнүктүрүү багытында маанилүү иштер жүргүзүлүүдө.