Мазмунга өтүү

Гумин кислоталары

Википедия — ачык энциклопедия

Гумин кислоталары – өсүмдүктөр жана алардын гумификациялоосунда (орг. калдыктар ажыроо продуктуларынын микроорганизм, ным, атмосфера кычкылтегинин катышуусунда гумуска айлануусу) пайда болуучу табигый орг. бирикмелер татаал аралашмасы. Кургак абалында - кара-күрөң түстөгү күкүм сымал аморфтук продукт. Хим. структурасы б-ча Г.к. ири мол. массадагы (1300-1500) конденсияцияланган ароматтык бирикмелер. Алар курамында фенолдук гидроксил, карбоксил, карбонил, ацето топтор жана жөнөкөй эфирдик байланыш жана башка бар экендиги далилденген. Элементтик курамы: 50-70 % С, 4-6 % Н, 25-35 % О турат Г. к. нефть жана газ скважиналарын тешүүдө колдонулуучу суюктуктар компоненти, аккумулятор чыгарууда туруктуу толтургуч, өсүмдүктөр өсүшүнүн стимулятору, орг. минералдык жер семирткичтер компоненттери, айыл чарбада малдын тери ооруларын айыктырууда антисептик катары жана кыртыш структурасын жакшыртууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]