Гурвич, Георгий Давидович

Википедия дан

Георгий Давидович Гурвич (1894–1965) – франц. социологу, теги Орусиялык, 1917-жылдан кийин Францияга эмиграцияга кеткен.

Негизги эмгектери – «Азыркы социологиянын милдети» (1950), «Социалдык детерминизм жана адам эркиндиги» (1955). Социологияда диалектикалык гиперэмпиризмди негиздөөчүсү, бул социалдык көрүнүштөрдү ар тараптуу изилдөөгө аракеттенген агым. Гурвичтин концепциясы чектен чыккан формалдуулугу жана идеализми менен айырмаланган. Гурвич социологиядан социологиялык мыйзамдарды, коом жана прогресс түшүнүктөрүн чыгарып таштаган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8