Гута айнеги

Википедия дан

Гута айнеги (немисче Hutte – гута, айнек үйлөөчү устакана) – формасыз, эркин үйлөө жолу менен алынган көркөм айнектин бир түрү жана андан жасалган буюмдар. Биздин заманга чейин I кылымда ойлонуп табылган айнек үйлөөчү түтүк жөнөкөй, жалпы жасай ала турган буюмдарды (үй идиштери) жана татаал формалардагы, капталдары жука, кээде эки көздүү чоң көлөмдөгү (эллиндик жана байыркы рим айнеги) идиштерди жасоого мүмкүнчүлүк берген. Гута буюмдары айнекке кошуп эритилген, чапталуучу пластикалык деталдар менен жасалгаланган. Эркин үйлөө ыкмалары устаны эң кылдат (виртуоздук) чеберчиликке үйрөткөн (Кайра жаралуу доорундагы венециялык айнек үйлөгүчтөрдүн чыгармалары өзгөчө айырмаланат). жогорку сапаттагы Г. а. Россияда XYIII кылымда жана XIX–XX к. экинчи жарымында көпөстөр­дүн чоң эмес заводдорунда иштелип чыга баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]