Гүлазык

Википедия дан

Гүлазык – көпкө сакталуучу тамак. Гүлзыктын негизи уйдун, койдун, кийиктин этинен даярдалат. Союлган малдын, кайберендин эти бышырылып, туурасынан жука кесилип, кургатылып, сокуга күл майда талкаланып, жаргылчакка тартьшат. Даярдалган эт сызгырылып, сызыгы таза алынган майга салынат да, ал кайнар замат ун кошулуп, кызарганча куурулат. Суугандан кийин жакшы иштелген ка­рынга салынат. Күл азык узак сапарга, аң уулоого, жүрүшкө, казатка чыгарда даярдалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Эл таануу» китебинен алынды