Гүлмайрам Момушева

Википедия дан

Момушева Гүлмайрам (1948-ж. т., Аксуу району) - ырчы. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1976). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2020).

1966-85-ж. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында К. Орозов атындагы кыргыз эл аспаптар оркестринин солисти.

Ырчынын өздүк репертуарын обончулар Ү. Сыдыковдун «Күн чыгашым», «Махабат», С. Жумалиевдин «Жаңы жылды тосолу», «Толкундар», К. Эралиеванын «Ак куулар сени сагынар», Р. Абдыкадыровдун «Койчунун ыры», М. Акматовдун «Мөлтүр шаарым», Э. Мааданбековдун «Балама» ж. б. ырлары ээлеген.

Ал кыргыз ырларынан башка орус, түрк, белорус ж. б. элдердин ырларын чебер аткарган. Шериктеш өлкөлөрдө жана Сирия, Дания, Түркия ж. б. чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.