Гүлчө, өрөөн

Википедия дан

Гүлчө, өрөөнАлай кырка тоосунун чыгышындагы бийик тоо өрөөнү. Аянты 2010 км2. Талдык ашуусунан Бозкарга кыштагына чейин 95 кмге созулат. Туурасы 40 км. Басымдуу бийиктиги 1900–3000 м; эң жапыз жери Гүлчө кыштагында 1526 м. Г. ө. тектоникалык. кыймылдан пайда болгон.

Бийик тоолуу бөлүгү палеозойдун кумдук, акиташ теги, сланец, ал эми өрөөндүү жерлери палеоген-неогендинкум, чопо, конгломерат ж. б. шиленди тектеринен түзүлгөн. Негизги орографиялык элементтерине Алай кырка тоосунун тармактары (Акбашат, Кара кокту, Аютапан, Кыземчек, Карасаң, Сарала зоо, Кумшоро ж. б.) кирет. Терең жана кууш капчыгайлар, кокту-колот, кургак сайлар көп. Тоолуу бөлүгүндө тик жана урчуктуу монолит аскалар, зоокалар, кемерлер, шагылдуу беттер, өрөөндөрдө аллювий чөкмөлөрү басымдуу. Ири үңкүрлөр арбын . Эң чоңунун узундугу 28 м, бийиктиги 8–12 м, кире беришинин туурасы 35 м. Климаты континенттик. Июлдун орточо температурасы 18,6°С, январдыкы —7,6 °С. Негизги суусу — Гүлчө; ири куймалары: Терек, Бүлөөлү, Жошолу (оң), Каракол, Мурдаш]] ж. б. Таттуубулак, Жылуусуу булактары бар. Күрөң топурак мүнөздүү. Өндүрлөрдө талаа өсүмдүктөрү, тоо беттеринде арчалуу токой өсөт. Жогорку бөлүгүн суб альп жана альп шалбаа алкактары ээлейт. Өрөөн малга жайлуу. Туристтик жайларды курууга ыңгайлуу. Өрөөн аркылуу ОшХорог авто жолу өтөт.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]