Мазмунга өтүү

Гүл-Токой

Википедия — ачык энциклопедия

Гүл-Токой топоним. Саякбай Каралаевдин вариантында Букарга жакын жайгашкан токой:

Гүл-Токой-Ата дээр экен,

Нур төгүлгөн жер экен.

Жыгачтан жаңгак төгүлгөн,

Чыркыраган долуга

Ошол турган Гүл-Токой

Чын бейиштей көрүнгөн (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 59).

Г.-Т. көбүнчө ары-бери каттаган жолоочулар эс алып өтүүчү ажайып жай катары эскерилет Г.-Т-дон көмүр өчүргөн Сарытазга жолугуп, Семетей андан өзүнүн теги жөнүндө угат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4