Мазмунга өтүү

Дабаев Кыргызбай Дүйшөнбекович

Википедия — ачык энциклопедия

Дабаев Кыргызбай Дүйшөнбекович - (15. 9. 1954-ж. туулган, Ысык-Көл облусу Ак-Суу району, Соколовка айылы) педагог, педагогика илимдеринин доктору (1999), профессор (2003). Москвадагы В. И. Ленин атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинин филология факультетин бүтүргөн (1980). ЫМУда окутуучу, кафедра башчысы, декан (1980-2001), КУУнун окуу бөлүмүнүн башчысы, илимий иштер боюнча проректор (2001-03) болуп эмгектенген. 2003-жылдан Билим берүүдөгү стратегиялык, информациялык технологиялар институтунун проректору. 110дон ашык илимий эмгеги жарык көргөн. Эмгектери: Азыркы мектептин инновациялык технологиясы. Б., 1977; Кыргыз тилин өзгө тил катары окутууиуи усулу. Б., 1993; Билим берүү процессиндеги интерактивдүү окутуу. Б., 1999; Кыргыз тилинин лексикалык минимум-сөздүгү. Б., 1991; Кыргыз тили орус группалары үчүн. Б., 1993.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]