Давиденко Геннадий Валерьевич

Википедия дан

Давиденко Геннадий Валерьевич (13. 3. 1948-ж. туулган, Панфилов району, Тельман кыштагы) - партиялык жана мамлекеттик кызматьсер, айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер (1995), 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи (2001) жана Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун, граждандык коргонуусунун, дене тарбия жана спортунун отличниги.

  • Коомдук ишмер. Бишкектеги К. И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба (1971) жана Алматыдагы (Казакстан) Экономика жана башкаруу институттарын бүтүргөн (1990).
  • Эмгек жолун 1971-ж. Калинин (Жайыл) районундагы «Орок жана Балка» колхозунда өнөркананын башчысы болуп иштөөдөн баштаган.
  • 1973-76-жылдары Ленин колхозунда башкы инженер, 1975-76-жылдары Советтик Армиянын катарында ротанын командиринин орун басары болуп кызмат өтөгөн.
  • 1977-87-жылдары ошол эле Ленин колхозунда партиялык уюмдун катчысы, Калинин районундагы «Чүй» совхозунун директору, РАПОнун башкармасы, 1987-92-жылдары Түп жана Калинин райондорунда райондук аткаруу комитеттеринин төрагасы жана райондук партия комитетинин Бкатчысы, 1992-2005-жылдары Панфилов, Москва, Ысык-Ата, Жайыл райондорунда мамлекеттик администрация башчысы - аким болуп иштеп келген.
  • Жайыл районунун жана Суусамыр өрөөнүнүн социалдык, экономикалык, маданий өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет.
  • Учурда Бишкектеги «Континет» компаниясында башкы директорунун орун басары болуп иштөөдө.
  • Ал «Ардак Белгиси» ордени (1986), «Манас 1000» (1995), «Даңк» медалы (2002), «Кыргыз милициясына 75 жыл», «Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнө 10 жыл» юбилейлик медалдары менен сыйланган.
  • Облустук кеңештерге жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9