Давлетов, Имаммусейин Кожомбердиевич

Википедия дан

Давлетов Имаммусейин Кожомбердиевич (1932, Москва району, Чоң-Арык айылы — 1983, Бишкек) — геолог, геология-минералогия илимдеринин доктору.
1954-жылы Москва түстүү металлдар жана алтын институтун бүтүргөн.
1955-жылы Кыргызстан ИАнын Геология интитутунун кенже жана 1962-жылы улуу илимий кызматкери, сектор, лаборатория башчысы (1968—73).
Давлетов 70ден ашык илимий эмгектин автору. Эмгектеринде коргошун, цинк, жез, вольфрам, молибден, алтын менен күмүштүн минералогиясын жана алардын кеңдеринин магма тоо тектери менен байланшын изилдеген. Давлетовдун жетекчилигинде аталган металлдарга прогноздук баа берүү менен бирге Түндүк жана Ортоңку Теңир-Тоонун металло-гениялык картасы түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.