Мазмунга өтүү

Давос

Википедия — ачык энциклопедия
Шаар
Давос
Желек Герб
Желек Герб
Граубюнден кантоныШвейцария
ОблусГраубюнден
Координаттар46°48′00″ с. ш. 9°50′00″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшүМуниципалитет
Муниципалитет башчысыМэр
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1213-жыл
Климатынын түрүАльп климаты
Убакыт аралыгыUTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Расмий тилиНемис тили
Калкы10,800 адам
Улуттук курамыШвейцариялыктар
Диний курамыХристиандар
ЭтнохоронимДавостуктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+41
Почта индекстери7260
Автоунаа кодуGR
Сайтыhttps://www.gemeindedavos.ch

Давос (англ. Davos, нем. Davos)— чыгыш Швейцариядагы Граубюнден кантонунда жайгашкан шаар.

Калкы 10, 812 (2020)

Азыркы Давостогу конуш Жогорку Орто кылымдарда жаралып башталган. Алгачкы эскерүү 1213-жылы катталган.

XIX кылымдан баштап Давос Оорулууларга жакшы таасир берген микроклиматы менен тааныла башталган.

Азыркы учурда Дуйнөлүк Экономикалык Форум жыл сайын өтүүчу жай катары белгилүү.

1996-жылы Улуу Британиялык Independent басмаканасы Геннадий Зюгановду Давостун кызыл жылдызы деп атаган.

Топографиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Давос тар Ландвассер өрөөнүндө, деңиз деңгеелинен 1560 метр бийиктикте жайгашкан. Орөөндүн 35,0% айыл-чарба иштерине пайдаланылып, 22,2% токой каптайт. Жалпы айыл-чарбага ылайыктуу иштердин аянты 10,352 гектарды түзөт.

Давостун климаты суб-альпылык болуп эсептелет. Орточо эсеп менен жылына 125.3 күн жамгыр жаап, жамгырдын жалпы көлөмү 1046 миллиметрге жетет. Эн жаандуу болуп Август айы эсептелет. Бул айда орточо эсеп менен 150 миллиметр жамгыр жаайт.

Эл аралык кызматташтык

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Давос шаар төмөнкү шаарлар менен бир тууган шаар болуп эсетелет:

Аспен (Колорадо)

Шамони-Мон-Блан (Франция)

Уэда, Нагано (Жапония)

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]