Эсеналы Дайракунов

Википедия дан
Дайракунов, Эсеналы‎»‎ барагынан багытталды)

Дайракунов Эсеналы (19.12.1925-ж. т., Нарын району, Жерге-Тал айылы) — Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты (1971—80).

1955-ж. Канттагы колхоз жетекчилерин даярдоочу техникумду, 1969-ж. КМУнун экономика факультетин бүткөн.

1942—52-ж. Нарын районунун "Жаңы-Талап" колхозунда бухгалтер, башкы бухгалтер, 1955—57-ж. парткомдун катчысы, 1957—87-ж. колхоз башкармасынын төрагасы болуп иштеген.

1987-жылдан ардактуу эс алууда. Эмгек сиңирген ардактуу колхозчу (1987). Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.